Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Ооганстанда талибдер «Жазгы чабуул» баштаганын жарыялашты


Кечээ,12-апрелде тараткан билдирүүсүндө алар бул чабуулун лидерлеринин бири, үч жыл мурда мерт болгон Мохаммад Омардын атынан “Омари операциясы” деп атаганын айтышты.

Билдирүүдө ошондой эле АКШга каршы күрөш алардын ыйык милдети экени айтылат. Талибдердин жарыясынан бир аз мурдараак АКШнын Кабулдагы элчилиги бул өлкөдөгү америкалык жарандарга шаардагы ири мейманканалардын бирине чабуул жасалары тууралу эскертүү берген.

Талибдердин жаңы лидери Ахтар Мансурдун келиши менен Ооганстандагы согуш оту кайрадан тутанды. Былтыр анын жетекчилиги алдында Кундуз шаары бир нече күнгө барымтага алынган.

11-апрелде мотоцикл айдаган жанкечти Жалалабад шаарынан Кабулга бараткан аскердик автобусту жардырып, армияга жаңы кабыл алынган 12 жоокер мерт кеткен. Бир нече сааттан кийин ушундай эле жардыруудан Кабулда дагы эки адам набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG