Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

ЕАЭБдин саммитине Кыргызстандан вице-премьер Олег Панкратов барат


Олег Панкратов
Олег Панкратов

Москвада боло турган Евразия Экономикалык биримдигинин өкмөт башчыларынын саммитине Кыргызстандын атынан вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратов катышат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Темир Сариевдин кызматтан кеткенине байланыштуу саммитке Кыргызстандын атынан ким барары буга чейин белгисиз болуп жаткан.

Саммитке Армения, Беларус, Казакстан жана Орусиянын премьер-министрлери катышат. Жыйында ЕАЭБдин алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланмакчы.

Буга чейин саммит 7-8 апрелде Ереванда өтүшү керек эле. Бирок Тоолуу Карабактагы чыңалган абалга байланыштуу Казакстан жыйынды кийинкиге жылдырып турууну сунуштаган. Кийинчерээк саммит 13-апрелде Москвада өтөөрү такталган. (SDz)

XS
SM
MD
LG