Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Македония президентинин кеңсесине чабуул жасалды


Македониянын президенти коррупциялык иш боюнча тергөөнү токтоткону үчүн бул өлкөдө жарандардын нааразылыгы тутанды. Кечээ протестчилер президент Георге Ивановдун Скопьедеги кеңселеринин бирине чабуул жасап, терезелерин талкалашты.

Митингчилер менен полициянын кагылышуусу Юстиция министрлигинин жанында да болду.

Соңку эки күндөн бери көчөгө чыгып, нааразылык акция өткөрүп жаткандарга карата полиция күч колдонду.

56 аткаминер жемкорлукка байланыштуу айыпталып жаткан. Алардын айыбын ачкан телефондук сүйлөшүүлөрү да жарыяланып кеткен. Бирок президент Георге Иванов бул факт боюнча тергөөнү токтотууну буюрган.

АКШ Ивановдун чечимин коррупциялашкан саясатчыларды коргоо аракети деп атап, тынчсыздануу билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG