Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

БУУ баш катчысы Пан Ги Мун Көчмөндөр оюнуна чакыруу алды


Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун.

Тышкы иштер министрлинен кабарлагандай Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мунду Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды.

12-апрелде Нью-Йорктогу жолугушууда Молдоисаева Пан Ги Мунга ишеним грамотасын тапшырып, өлкөдөгү соттук реформалар жана шайлоо системасынын жакшырышы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Пан Ги Мунду Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылуу аземине чакырды.

Миргүл Молдоисаева 24-февралда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалган. (SDz)

XS
SM
MD
LG