Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:02

Жаш шахматчылар Азия чемпиондугунда байгелерди алышты


Айжан Съездбекова.
Айжан Съездбекова.

Кыргызстандык алты жашар шахматчы Айжан Съездбекова ушул күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" шахматчынын атасы Сьездбек Таштакеев билдирди. Анын айтуусунда, Айжан шахматтын классикалык түрүнөн алты жашка чейинки кыздар арасында тогуз оюнда алты упай топтогон. Алтын жана коло байгелерди Монголиянын өкүлдөрү алган.

Бул мелдеште рапид жана блиц түрлөрү боюнча оюндарда Айжан Съездбекова төртүнчү жана 11-орунду ээлеген.

Бул Азия чемпиондугунда алты жашка чейинки балдар арасында дагы бир кыргызстандык Султай Чыңгыз блиц боюнча оюндарда күмүш медалды тагынды. Ал 7 турда алты жеңишти камсыздаган. Шахматтын классикалык түрү боюнча мелдештерде 9 оюнда жети жолу жеңишке жетип коло байгенин ээси болду.

Шахмат боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна Азиянын 19 өлкөсүнөн алты жаштан 18 жашка чейинки спортчулар катышууда. 6-апрелде башталган оюндар бүгүн, 14-апрелде аяктайт. Кыргызстандан бул мелдешке өз жаш курактарында чемпион болушкан 14 шахматчы аттанган. (ECh.)

XS
SM
MD
LG