Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Чек арадан патенти жок кирген ишкерлер аныкталды


Чек ара.
Чек ара.

Салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн патенти жок товар ташып кирген бир катар айдоочуларды аныктады. Салык кызматынан билдиришкендей, айдоочулар Талас облусунун Манас районундагы “Чоң-Капка” өткөрмө пунктунан товар ташып келишкен. Ошону менен бирге товарлар наркынан азайтылып көрсөтүлгөн.

Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыковдун "Азаттыкка" билдиришинче, текшерүүнүн жыйынтыгында ун ташып келаткан бир нече ишкер кармалып, 122 миң сом суммасындагы товарлардын азайтылганы анык болду.

Белгилей кетсек, буга чейин ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды арзан баа менен көрсөтүп, нарк салыгынан качып жатат деген маалыматтардан улам, салык кызматы талондорду туура эмес толтурган фактыларын системалуу түрдө аныктап жатат.

Буга чейин өкмөт ишкерлердин ушундай аракетинен Кыргызстандын бюджетине 1 миллиард 200 миллион сом түшпөй калганын билдирген.

XS
SM
MD
LG