Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Крым прокурору Межилистин ишмердигине тыюу салды


Аннексияланган Крымдын прокурору Наталья Поклонская
Аннексияланган Крымдын прокурору Наталья Поклонская

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралынын прокурору Наталья Поклонская крым татарларынын элдик Межилисинин ишмердигине тыюу салды. 13-апрелде чыгарылган чечимге ылайык, мындан ары Межилис коомдук жыйындарды өткөрө албайт. Маалымат жайылтууга жана банк эсептеринен пайдаланууга акысы жок.

Көзөмөл органынын чечими Межилисти экстремисттик уюм деп табуу жана биротоло ишин токтотуусу боюнча сот тыянагы чыкканга чейин күчүндө болот.

Крым прокурору Наталья Поклонская 15-февралда Межилиске тыюу салууну өтүнүп, сотко кайрылган. Бул кадамга крым-татарларынын суранычы менен барганын билдирген.

Крым татарлары жарым аралдагы 2 миллион элдин 15% түзөт. Алардын көбү аймакты 2014-жылы Орусия аннексиялаган учурда каршы болушкан. Андан бери Межилис лидерлеринин айрымдары камалып, кээ бирлерине издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG