Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Эмомали Рахмондун кызы парламентке аттанды


Озода Рахмон.
Озода Рахмон.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун кызы 38 жаштагы Озода Рахмон парламенттин жогорку палатасына мүчөлүккө талапкер болду. Азыр президенттик аппараттын башчысынын милдетин аткарып жаткан Озода Рахмондун талапкерлигин Дүйшөмбү шаардык кеңешиндеги депутаттар көрсөтүп, бир добуштан колдоо тапты.

Тажикстандагы “Азия плюс” агенттиги мамлекет башчынын кызынын талапкерлиги эч кандай атаандашсыз сунушталганын жазды.

Озода Рахмон быйыл январдан президенттик аппаратты жетектей баштаган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

Парламенттеги жогорку палатасынын 33 мүчөсүнүн 25ин жергиликтүү депутаттар тандайт. Калган сегизин президент дайындайт. Алардын баары башка кызматтарда иштегенге акылуу.

Дүйшөмбү шаарынын мэри Махмадсаид Убайдуллаев 2000-жылдан бери парламенттин жогорку палатасында спикер.

XS
SM
MD
LG