Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

“Сафед Булан” даректүү фильми тартылып бүттү


Сафед Булан тургундары.
Сафед Булан тургундары.

“Кыргызфильм” киностудиясы Сафед Булан маданий комплекси тууралуу документалдуу фильмди тартууну аяктады. Мындай маалыматты тарых жана маданият жылын өткөрүү жана уюштуруу дирекциясы кабарлады. Жаңы тасма Кыргызстандын тарыхый жерлерди көрүүчүлөргө кеңири тааныштыруу максатында тартылды. Фильмде Сафед Буландын тарыхы, курулушу жана анын маданий баалуулугу камтылган.

Сафед Булан тарыхый комплекси Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда орун алган. Ага сыйынуу үчүн коңшу республикалардан туристтер келишет.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү жана уюштуруу дирекциясы маалымдагандай, даректүү тасманын бет ачары май айында өтөт. Фильмдин авторлору Байышбек Исманов жана Куттубек Каримов. (SDz)

XS
SM
MD
LG