Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

Керри менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулады


АКШнын мамлекеттик катчысы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго телефон чалып, Башар Асаддын режимине таасир этип, ок чыгарбоо шартын сактоого чакырды. Ал Орусия Дамаск тарабынан бул шарттын сакталышына таасир эте алат деп күтөрүн айтып, ошол эле учурда Вашингтон Сириядагы оппозициядан ушундай жыйынтык талап кыларын билдирүүдө.

Ушул тапта Сириянын Алеппо шаарындагы райондордун биринде катуу кагылышуулар туурасында маалымат түшкөнү кабарланууда.

Вашингтондун расмий өкүлдөрү орус аскер авиациясы сириялык өкмөттүк күчтөргө колдоо иретинде Алепподогу оппозициянын күчтөрүнө каршы сокку уруп жатканын белгилеп, бирок Алепподо “Ал-Каида” менен байланышы бар “Ан-Нусра” экстремисттик тобунун жүргөндүгү кырдаалды курчутуп жатканын белгилейт.

Москва менен Дамаск буга чейин террористтик деген топторго каршы сокку уруу укугун өздөрүнө калтырарын билдиришкен эле.

Керри Лавров менен сүйлөшүүсүндө Москвага Ислам революциясын коргоо корпусунун түзүмүндөгү өзгөчө бөлүмдөрдү башкарган Ирандын генералы Касеми Сулейманинин иш сапары туурасындагы маалыматка тынчсыздануусун билдирди.(AzK)

XS
SM
MD
LG