Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Эквадордо болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 77ге жетти


Эквадор, зилзаладан кийин
Эквадор, зилзаладан кийин

8 баллга жакын болгон бул жер титирөөдөн дагы 600 киши ар кандай жаракаттарды алышкан. Президент Рафаэль Корреа өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, Ватиканга боло турган иш сапарын токтотту. Бийлик өкүлдөрү бул жер титирөөнү 1979-жылдан берки чоң кырсык деп атап жатышат. Ал жылы 600 киши каза таап, 20 миң киши жарат алган.

Жер титирөө 16-апрелдин кечинде болду. Ал катуу болгондуктан өлкөнүн борбору Кито шаары электр жарыгысыз калып, мобилдик байланыш үзүлгөн. Өлкөнүн ири шаары Гуякилде шаардык имараттардын дээрлик көпчүлүгү урады.

XS
SM
MD
LG