Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Нөшөр жаандан айрым айылдар жабыркады


Түндө нөшөр жаандын айынан Кыргызстандын айрым аймактары жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунда Ала-Бука - Чаткал унаа жолунун 16-22-чакырымында колоттордон келген шагыл таш унаа жолду тосуп калган. Азыркы убакта оор жүк ташуучу автолор өтүп жатат, жеңил унаалар өтүүгө мүмкүн болбой калган.

Оштун Өзгөн районунда Семиз-Көл айылынын колотунан түшкөн сел 2 турак үйдүн там арка жерлерине жана 1 сарайына кирген. Жергиликтүү тургундар сууну нугуна буруу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Ал эми Чүйдүн Москва районунда Петровка-Нарзан ички чарбалык унаа жолунун 26-27-чакырымында сел жүрүп, кум-шагыл тосуп калып, саат 04:30да кайра ачылган.

Кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян болгон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG