Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:11

Баткенде аска таштарга чегилген байыркы сүрөттөр табылды


Баткендеги Эгиз-Кара тоосунан 1000ден ашуун аска таштарга чегилген сүрөттөр табылды
Баткендеги Эгиз-Кара тоосунан 1000ден ашуун аска таштарга чегилген сүрөттөр табылды

Баткен шаарынан 10 чакырым түндүк-батыш тарапта Кара-Тоо тоо кыркаларындагы Баткен мамлекеттик университетинин тарыхчылары тапты.

Бул тууралуу университеттин мугалими, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров бүгүн «Азаттыка» билдирди.

Жергиликтүү тарыхчылардын пикири боюнча теке, жылкы, жапайы жаныбарлардын, адамдардын жана Күндүн сүрөттөрү кандайдыр бир ишенимге же окуяга негизделип чегилген.

Мындай сүрөттөр буга чейин Саймалуу-Ташта, Токтогулда, Чолпон-Атада, Ноокатта, Араванда жана Алайда табылып, аларды окумуштуулар изилдөөгө алган.

Маалыматтар боюнча мындай сүрөттөр биздин заманга чейинки II миң жылдыкка таандык.

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагындагы иш-чараларга ылайык аймактагы тарыхый жайларды дагы изилдөө чаралары каралган. (JsA)

XS
SM
MD
LG