Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:08

Германиядагы ПЕГИДА кыймылынын башчысы сотко чакырылды


Лутц Бахман
Лутц Бахман

Германияда мигранттарга жана исламдашууга каршы чакырыктары менен таанылган ПЕГИДА кыймылынын негиздөөчүсү Лутц Бахман адамдардын кадыр-баркына шек келтирип, коомдук тартипти бузуу боюнча айыпталууда. Ал 19-апрелде Дрезден шаардык сотуна чакырылганын жергиликтүү булактар кабарлашты.

43 жаштагы Бахман эгер күнөөлүү деп табылса, беш жылга чейин камалышы ыктымал.

ПЕГИДАнын (Патриот европалыктар Батыштын исламдашуусуна каршы) кыймылынын активисттери Германияда ислам дининин жайылышына каршы күрөшөрүн белгилеп келишет. Өткөн айда кыймылга мүчө болгондор көбөйүп жатканы айтылган.

Жакынкы Чыгыштагы согуш тутанган аймактардан бейпилдик издеп Европага агылган миллиондогон мигранттардын көбү Германиядан башпаанек алган.

XS
SM
MD
LG