Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:43

Шаардык сот Салянованын күйөөсүн 3 жыл шарттуу түрдө кести


Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңеш депутаты, мурдагы Баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго өкүмүн угузду.

Адвокат Тимур Жамаев райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылганын "Азаттыкка" билдирди:

- Прокурор күчөтүлгөн тартипте 7 жыл деп сураган. Биринчи инстанциядагы сот 3 жыл шарттуу түрдө деп өкүм чыгарган.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү былтыр 2-октябрда чыккан. Анда Абдыкапаровду 7 жыл эркинен ажыратып, 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айыпка жыгуу суралган. Бирок ошол эле сот "Кылмыш кодексинин" 63-беренесине таянып ага шарттуу түрдө 3 жыл берген.

Абдыкапаровго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгы былтыр март айында “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айып таккан. Ага УКМК мурда да “Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген”, “Көз боёмочулук кылган” деген беренелер боюнча күнөө койгон.

Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Учурда ал үй камагында. (RK)

XS
SM
MD
LG