Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Президент Алмазбек Атамбаев «Түкүрбө!» акциясын колдоп, ага жардам максатында өзүнүн Социалдык коргоо фондунан 50 миң сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Президент мындай жарандык демилгелер кыргызстандыктардын аң-сезиминдеги жаңылануунун, өнүгүүнүн белгиси экенин айтып, өз өлкөсүнө, шаарына жана айылына болгон сүйүүсү коомдогу орчундуу кыймылдаткыч күчкө айланып баратканын белгиледи.

Кыргызстандык Куштар Мамыталиев жеке демилгеси жана өз каражаты менен соңку бир айдан бери Бишкекте "Түкүрбө!" деп аталган акциясын өткөрүп жатат. Ал көчөлөргө ушундай жазууларды чаптап, шаардыктарга таратууда жана социалдык түйүндөр аркылуу да активдүү иш жүргүзүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG