Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:09

Башкы прокуратура БУУнун Аскаров боюнча билдирүүсүн карап чыгат


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаров боюнча билдирүүсүн расмий түрдө алгандан кийин гана ага карата жооп берет.

Бул тууралуу "Азаттыкка" башкы көзөмөл органдын расмий өкүлү Нурлан Тагаев билдирди:

- Акыркы жолу бул ишке Жогорку Сот чекит койбоду беле. Жогорку Соттун чечими жаңы эле бир жагдайлар чыга калбаса, кайра даттанууга жатпайт. Ошондой жагдай болсо, анда аны ошол сот өзү гана карай алат. Эгерде БУУнун билдирүүсү бизге келип түшсө, андагы келтирилген жүйөлөрдү албетте карап чыгабыз. Ошого жараша расмий жооп болот. Азырынча аталган чечим бизге келе элек.

Кечээ, 21-апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров абактан бошотулуп, аны айыптаган өкүм жокко чыгарылышы керек деген билдирүүсүн жарыялаган

Кыргызстанда Аскаровго 2010-жылы июнь окуясында улут аралык кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милициянын кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Учурда укук коргоочу Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG