Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

БУУ: Кыргызстанда 450 качкын катталган


Кыргызстанда бүгүнкү күндө 450 адам башка мамлекеттерден келген качкындар. 1-апрелге карата маалымат ушундай экенин бүгүн "Азаттыкка" Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар башкармалыгынын өкүлү Маки Шинохара билдирди.

Анын айтымында, алардын 329у Ооганстандан, 63ү Сириядан, 27 Өзбекстан, 15и Украинадан жана 16 башка мамлекеттерден келген.

Март айындагы маалыматка караганда, 3 качкын өз өлкөсүнө, 7 башка жакка чыгып кеткен, 4 кыргыз жарандыгын алган. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG