Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Сузакта жер көчкү жүрдү


Сузакта буга чейин да жер көчкү жүргөн
Сузакта буга чейин да жер көчкү жүргөн

23-апрелден 24-апрелге караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Тоо айыл округунун Үч-Чат жайлоосунда жер көчүп, чабандардын убактылуу баш калкалоочу үч турак жайын басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, турак-жайлар азырынча бош болгондуктан, жабыркагандар болгон жок. Учурда министрликтин жергиликтүү адистери жер көчкүнүн кесепеттерин иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Сузак районунда апрель айында эле эки жолу жер көчкөн. Андан канал буулуп, жол тосулуп калган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG