Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Климат боюнча глобалдык келишимге кол койгон өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан жок


Климаттын өзгөрүшүнө арналып, өткөн жылы 1-декабрда Парижде өткөн саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев катышкан.

Климаттын өзгөрүшүнө арналып, өткөн жылы 1-декабрда Парижде өткөн саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев катышкан.

Климатты өзгөртүү боюнча Парижде жетишилген келишимге кол койгон өлкөлөрдүн ичинде Борбор Азиядан Ооганстан менен Тажикстан гана бар. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан жок.

Былтыр декабрда Париждеги саммитте жетишилген келишимге 22-апрелде БУУнун баш кеңсесинде кол коюлган. Ал жерге дүйнөнүн 175 өлкөсүнүн өкүлдөрү чогулушкан.

Климаттын өзгөрүшүнө арналып, өткөн жылы 1-декабрда Парижде өткөн саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев катышкан. Кыргызстан анда абага зыяндуу заттарды чыгарууну 30% чейин азайтууга сөз берип, Нарын дарыясына ГЭСтерди курууга көмөктөшүүгө дүйнөлүк коомчулукту чакырган эле. Климаттык саммитте 200дөй өлкө тарабынан жактырылган келишимдин максаты - абанын глобалдык температурасындагы орточо өсүштү 2100-жылга карата индустриалдык доорго чейинки орто көрсөткүч деңгээлинен 2 Цельсий градустан ашырбоо. Климат боюнча Париж келишими 30 күндүн ичинде 55 өлкө же абага бөлүнүп чыккан булганыч газдардын 55% үлүшү туура келген өлкөлөр ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG