Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Обама жаш британдыктарды расизмден алыс болууга чакырды


Барак Обаманын жаш британдыктар менен жолугушуусу,
Барак Обаманын жаш британдыктар менен жолугушуусу,

23-апрелде Лондондо Линдли-холлдо чыгып сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Барак Обама жаш британдыктарды ксенофобиядан, цинизмден жана үмүтсүздүктөн алыс болууга чакырып, глобализация менен интеграцияны “жаңы мүмкүнчүлүктөр” катары кабыл алууга үндөдү. “Америки добушу” үналгысы белгилегендей, ишембидеги жолугушуу жылуу маанайда жүрдү.

Бир күн мурда Барак Обама Британияны Евробиримдиктин курамынан чыкпоого үндөгөн сөз сүйлөгөн. Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында АКШ президенти Евробиримдик Британиянын дүйнөдөгү салмагын азайтпасын белгилеп, тескерисинче таасирин күчөтүүгө көмөктөшөт деп айткан. Обаманын бул сөзү сын пикирлерди жаратып, айрым саясатчылар Обаманы “тиешеси жок ишке киришпөөсүн” талап кылышкан. Лондондун мэри Борис Жонсон “АКШ Евробиримдик сыяктуу уюмга эч качан мүчө болмок эмес” деп белгилеген.

Британиялыктар Евробиримдикте калууну же чыгууну 23-июнда өтө турган референдумда чечет.

XS
SM
MD
LG