Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Нарында диний экстремизмге каршы туруу боюнча форум өттү


Нарын облустук ички иштер башкармалыгы уюштурган форум “Өлкөнүн келечеги биздин колубузда, кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок!” деген ат менен өттү. Форумга ички иштер министринин орун басары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, анда эки маселе каралды. Биринчиси - экстремизмге жана терроризмге каршы күрөш, экинчиси - жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын алуу.

Кыргызстанда акыркы кезде өспүрүмдөрдү терс диний агымдарга тартуу, ошондой эле балдарга карата зордук-зомбулук күчөгөнү айтылып келет.

Форумдун аягында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кошумча жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп жана эки кабаттуу спорт залынын курулуш иштерин баштоого капсула салынды. (MiK)

XS
SM
MD
LG