Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Маданият – Жалал-Абад жолун оңдоо маселеси талкууланат


Жалал-Абад шаарын Ноокен районунун Маданият айылы менен байланыштырып турчу унаа жолдун реабилитациясы бүгүн өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө талкууланат. Ал жерде Жогорку Кеңештин Унаа, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин көчмө жыйыны өтөрүн парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Унаа жана байланыш министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Кубанычбек Мамевдин “Азаттыкка” айтымында, совет мезгилинен бери оңдоло элек, эскилиги жетип калган жолду кайра курууга Евразия өнүктүрүү банкы 73 миллион доллар бөлүүдө:

-Жолдун абалы начар. Ресурсу бүткөн. Ошондуктан быйыл тендерди бүтүрүп, реабилитацияны башташыбыз керек. Жалпы бюджети 73 миллион доллар.

Бишкек – Ош унаа жолунун Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорун аралап өткөн, жалпы узундугу 67 чакырымдык бул участогун реконструкциялоо боюнча тендер жарыяланган, анын жыйынтыгы азырынча билине элек. (RK)

XS
SM
MD
LG