Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Ысык-Көлдө айыл чарба жармаңкеси болду


Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, 24-апрелдеги айыл чарба жармаңкесине Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын фермерлери, дыйкан чарбалардын өкүлдөрү катышты. Бул иш-чара облустагы айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Анда айыл чарба техникаларынын жаңы түрлөрү көрсөтүлдү. Асыл тукум мал багуу, багбанчылыктагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берилип, банктын кызматкерлери жеңилдетилген насыяларды алуу боюнча феремерлерге кеп-кеңештерди беришти.

Жармаңкеде 300дөн ашуун фермер жана дыйкан чарбалар өз продукцияларын эл сынына коюшту. Ар кандай породадагы мал, көчөттөр, гүлдөр, балык чарбасы менен алектенгендер, балчылар өз продукцияларын сатыкка чыгарды. Фермерлердин эл аралык жармаңкесине 10 000 адам келди. (NT)

XS
SM
MD
LG