Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Майлуу-Суунун депутаттары алгачкы сессияга чогула алышпады


Майлуу-Суу.
Майлуу-Суу.

Шаардык кеңештин жаңыдан шайланган депутаттары 25-апрелге белгиленген алгачкы сессиясын өткөрө алышпады. Буга 31 депутаттын 14ү келбей калып, кворум чогулбай калганы себеп болду. Шаар бийлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, бүгүн алар мандат алып, төрага шайлоо менен иш тартипти бекитишмек. Бирок белгисиз себептер менен “Республика - Ата Журт” партиясынын 13 жана "Ата Мекендин" бир депутаты келген эмес.

Майлуу-Суу шаарында 27-мартта өткөн шайлоодо 4 партия утуп чыккан. Алар “Республика - Ата Журт” 13 мандат, КСДП 12, “Өнүгүү-Прогресс” менен "Ата Мекен" да үчтөн орунга ээ болгон. Өткөн чакырылыштын депутаттары шаар мэрин шайлай албай мөөнөтүнөн мурда таратылган болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG