Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Журналисттер Чернобылга жакын жерде радиация күчтүү экенин аныкташты


Беларус.
Беларус.

Ассошиейтед Пресс агенттигинин кабарчылары Чернобылга жакын жердеги беларус дыйкан чарбасынан алган сүттө радиоактивдүү заттын деңгээли өлкөдө уруксат берилген чектен 10 эсе жогору болуп чыкканын маалымдашты.

Журналисттер Чернобыль атомдук станциясындагы кырсыктын 30 жылдыгын утурлай жабык аймактын айланасындагы айыл-кыштактарга барышкан. Алар станциядан 45 километр алыс жайгашкан фермадан сүт алып текшеришкен. Чарбанын ээси Николай Чубенок 50 уйдан сааган сүттү Милкавита заводуна өткөрөрүн айткан.

Орусияда сатылчу Пармезан сырын чыгарган ишкананын өкүлдөрү болсо андай болуш “мүмкүн эмес” деп билдиришти. Милкавита өздөрү өткөргөн тесттерге таянып, радиоактивдүү изотоптордун издери коопсуздук чегинен төмөн экенин ырастоодо.

XS
SM
MD
LG