Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Парламент комитети спикерликке Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин жактырды


Жогорку Кеӊештин төрагасы кызматына сунушталган талапкерди бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети талкуулап, депутат Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдоду. Комитет төрагасынын орун басары Алмамбет Шыкмаматов Турсунбековду КСДП, «Ата Мекен», «Республика – Ата-Журт» фракциялары көрсөтүп жатканын билдирди.

Чыныбай Турсунбеков- социал-демократтар фракциясы менен башкаруучу коалициянын лидери. Азыр Жогорку Кеңеш төрагалыгына жалгыз талапкер болууда.

20-апрелде "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги добушка коюлуп, бирок экөө тең чыгып калгандыктан, депутаттар жаңы талапкерди көрсөтүү бүтүмүнө келишкен. (NT)

XS
SM
MD
LG