Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Еревандагы жарылуудан кийин Армения коопсуздук чараларын күчөттү


Еревандагы автобус жардыруусунан кийин, 25-апрель, 2016-жыл.
Еревандагы автобус жардыруусунан кийин, 25-апрель, 2016-жыл.

25-апрелдеги Еревандагы автобустагы жардыруудан эки адам набыт кетип, жети киши жарадар болду. Жарылуудан кийин Армения президенти Серж Саркисян коопсуздук чараларын күчөтүүнү полицияга тапшырды. Армениянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жарылуу кечки саат онго жакын Ереван борборуна жакын Алабян көчөсүндө болду.

Жарылуунун себеби азырынча тактала элек. Полиция башчысы Владимир Гаспарян журналисттер алдында автобуска коюлган бомба жарылышы мүмкүн экендигин четке каккан жок. Учурда полиция жарылуу болгон автобус орундугунда кимдин отургандыгын аныктоого аракеттенүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG