Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Европа биримдиги Межилиске тыюу салууну сындады


Крым татарларынын көрүнүктүү өкүлү Исмаил Гаспыралынын эстелиги. Симферополь, Крым
Крым татарларынын көрүнүктүү өкүлү Исмаил Гаспыралынын эстелиги. Симферополь, Крым

Крым татарларынын Элдик Межилисин экстремисттик уюм деп таап, анын ишмердигине тыюу салууну Европа Биримдиги сындап, муну Орусия аннексиялап алган Крымдагы адам укуктарын чектөө деп сыпаттады. “Азаттыктын” орус кызматы жазгандай, Биримдик тараткан билдирүүдө “Бул адам укуктарынын сакталышы боюнча эл аралык нормаларды бузары белгиленип, мындай чечимди жокко чыгаруу” зарылдыгы айтылат.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку Соту 26-апрелде Крым татарларынын Элдик Межилисин экстремисттик уюм деп тапкан. Орусиянын Юстиция министрлиги өткөн жумада Межилисти экстремисттик уюмдардын катарына кошкон.

Крым татарларынын лидерлеринин бири Рефат Чубаров Межилис Киевге көчүрүлүп, Украина баш калаасынан туруп ишмердигин толук кандуу улантарын маалымдады.

Саны 2,5 миллионго жеткен Крым татарлары жарым аралдагы калктын 12% түзөт. Көптөгөн татар активисттери 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин жарым аралдан чыгып кеткен. Эл аралык укук коргоо уюмдары Москванын Крым татарларына карата кысымын сындап келет.

XS
SM
MD
LG