Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

Академик Акматалиев Интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалын алды


Академик Абдылдажан Акматалиев "Азаттыктын" студиясында
Академик Абдылдажан Акматалиев "Азаттыктын" студиясында

Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун чыгармачылык боюнча алтын медалына татыктуу болду.

Сыйлык академиктин “Манас” эпосун, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө, басып чыгарууга жана дүйнө жүзүнүн окурмандарына жайылтууга кошкон салымы үчүн берилди.

Академик Акматалиевдин илимий эмгектери англис, немис, француз, жапон, корей, кытай, түрк жана башка тилдерде жарык көргөн.

Бул сыйлыкка өз мезгилинде Чыңгыз Айтматов татыктуу болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG