Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Алепподо акыркы 24 сааттагы аба соккулардан өлгөндөр саны 61ге жетти


Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Каласа району аба соккулардан кийин. 28-апрель, 2016-жыл.
Алеппонун козголоңчулар колундагы ал-Каласа району аба соккулардан кийин. 28-апрель, 2016-жыл.

Чек арасыз дарыгерлер уюму билдиргендей, Алеппо шаарынын козголоңчулар карамагындагы бөлүгүндө жайгкашкан ооруканага өткөн түнү жасалган аба соккудан кеминде 20 киши мерт болду. Алардын 14ү бейтаптар, алтоо медициналык кызматкерлер.

Бул маалыматты кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюм дагы ырстады. Алардын кабарына караганда, ал-Кудус ооруканасына түшкөн бомбадан өлгөндөрдүн кеминде үчөө жаш балдар, бирөө ошол жерде иштеп жаткан жалгыз балдар дарыгери.

Аталган уюм ошондой эле Алеппонун козголоңчулар карамагындагы бөлүгүнө бүгүн жасалган аба соккудан дагы 20дан ашуун адам өлгөнүн, муну менен акыркы бир суткада мерт болгондор саны 61ге жеткенин кабарлоодо.

- Акыркы 48 саатта ар бир 25 минутта бир сириялык өлүп, ар бир 13 мүнөттө бир сириялык жарадар болуп жатты, - деди бүгүн Женевадагы басма сөз жыйында БУУнун атайын чабарманы Стефан де Мистура ок атышууну токтотуу боюнча февралдын соңунда жетишилген макулдашуусунун бузулуп жатышы тууралуу айтып.

Президент Башар Асаддын Орусия колдогон күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда уруш кайра 22-апрелден тарта жанданган. Андан бери өмүрү кыйылган жөн-жай тургундар саны 150дөн ашты. (UE)

XS
SM
MD
LG