Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Жети-Өгүз району менен Орусиянын Сатка району кызматташат


Жети-Өгүз районунун Саруу айылы.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылы.

Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун акими Калыс Жүдеев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, райондук акимчиликтин 6 кызматкери быйыл май айында Орусиянын Челябинск облусунун Сатка районуна барып, ал жакта эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлат.

Кызматташуу келишиминде айыл чарба тармагына инвесторлорду тартуу боюнча аткарылчу иштерге көңүл бөлүнөт. Иш сапар учурунда Жети-Өгүздүн тургундарына Орусиянын Сатка районунда иштөө үчүн эмгек келишими да түзүлүшү мүмкүн. (AsM)

XS
SM
MD
LG