Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Хадижа Исмаиловага БУУнун сыйлыгы ыйгарылат


Журналист-иликтөөчү Хадижа Исмаилова
Журналист-иликтөөчү Хадижа Исмаилова

Камакта жаткан азербайжандык журналист Хадижа Исмаиловага “катаал шарттарда пресса эркиндигине кошкон салымы үчүн” Улуттар Уюмунун маалымат каражаттар багытындагы атайын сыйлыгы ыйгарылат.

Журналист-иликтөөчү Хадижа Исмаилова өткөн айда ЮНЕСКОнун Гильермо Канто атындагы дүйнөлүк сыйлыгынын премиясынын лауреаты болгон. Бул премияны тапшыруу аземи жыл сайын Финляндияда өткөрүлөт.

“Хадижа Исмаилова бул сыйлыкка татыктуу жана бул жерде анын эрдиги жана кесипкөйлүгү баса белгиленгенине мен абдан кубанычтамын”- деди премиянын президенти Лилиана Зуровач. ЮНЕСКОнун акчалай сыйлыгы 25 миң долларды түзөт. Ал колумбиялык журналист Гильермо Кано Исазанын атынан негизделген. Кано өзү жетектеген El Espactador гезитинин редакциясынын жанында, Боготада шаарында 1896-жылы өлтүрүлгөн.

"Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташкан бакулук журналист Хадижа Исмаилова былтыр жети жарым жылга соттолгон. Буга чейин Азербайжандын жогорку бийлик өкүлдөрүнүн арасындагы коррупциялык иштерди иликтеп жүргөн Исмаилова салык төлөөдөн качкан, мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенген жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылган.

XS
SM
MD
LG