Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Камчаткада тик учак кырсыгынын себептерин иликтөө башталды


Кырсыктан борттогу үч адам мерт кеткени кабарланды.
Кырсыктан борттогу үч адам мерт кеткени кабарланды.

Орусиянын тергөө комитети Камчаткада 3-майда кулап түшкөн "Робинсон-44" тик учак кырсыгынын себептерин иликтей баштады. Тик учак Русская булуңунун аймагында Петропавловск-Камчатка шаарынан 80 чакырым алыстыкта суу жээкте кырсыкка учураган. Тик учак кулашынан борттогу үч адамдын мерт кеткени кабарланды.

Кырсык боюнча кылмыш иши козголгонун тергөө комитетинин өкүлү Оксана Полашкова билдирди. Мурдараак Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак диспетчерлик кызматтардан каттоодон өтпөгөнүн маалымдаган. Ал эми Полашкова учкучтун уруксаты бардыгын, болгону ал белгиленген маршруттан чыгып кеткенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG