Жалал-Абаддын Аксы районунда катуу жааган жамгырдан улам беш үйдү жана 10 малкананы сел алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, селден улам адам өмүрүнө зыян келген жок. 200 башка жакын кой-эчкини агызып кеткен. Учурда анын кесепетин жоюу жана келтирилген чыгымды тактоо боюнча иштер жүрүп жатат.(BkA)