Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Ипотекалык насыя берүүнүн экинчи этабы башталат


Бишкек
Бишкек

Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык насыя берүүнүн экинчи этабын баштоого камылга көрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчи орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу билдирди. Анын айтымында, учурда аймактарда насыя алуучулардын тизмеси аныкталууда. Аймактарда тизме такталган соң вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жетектеген мекемелер аралык комиссия аныктайт.

Усөнакун уулунун айтымында, экинчи этаптын алкагында 800гө жакын адамдын тизмеси түзүлөрү пландалууда.

Ипотекалык насыя берүүнүн биринчи этабында өлкөнүн ар кыл аймактарынан 185 адам тизмеге киргизилген. Анын бир бөлүгү насыя алуудан баш тартты.

Кыргыз өкмөтү быйылтан тарта бюджеттик кызматкерлерди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу ипотекалык насыя берилерин билдирген. Анын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн. Ипотекалык насыялар 12-14 пайыздык үстөк пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө чейин мугалим, дарыгер сыяктуу бюджеттик кызматкерлерге берилери пландалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG