Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:03

Москвада журналист Александр Рубцов киши колдуу болду


Александр Рубцов
Александр Рубцов

“Улуттук жаңылыктар кызматы” маалымат агенттигинин редактору, 35 жаштагы Александр Рубцовдун сөөгү өзү жашаган үйдөн табылды. Анын 3-майда өлтүрүлгөнү айтылууда.

Кылмышкерлер журналисттин батирин тоноп кетишкен. Маркум катуу сабалып, жети жолу бычак жегени белгилүү болду. Анын сөөгүн Калугадан келген энеси көрүп, полицияга кабарлаган.

Укук коргоо органдары кылмыш Рубцовдун кесиптик ишмердиги менен байланыштуу эместигин билдирди. Алдын ала иликтөөлөр журналист кылмышкерди батирге өзү киргизгенин көрсөткөн. Азыр ал изделип жатат.

XS
SM
MD
LG