Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Кара-Көлдөгү аскер өлүмү боюнча кылмыш иш козголду


Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарындагы 718-бөлүгүндөгү кызмат өтөгөн жоокердин өлүмү боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук аскер прокурору Сагындык Мукашов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, окуя болгон аскер бөлүктө тергөө тобу иштеп жатат. Каза болгон жоокердин сөөгү тиешелүү экспертизалар жүргүзүлгөн соң туугандарына берилди.

4-майдын кечинде Кара-Көлдөгү аскер бөлүктөн эки жоокер мушташып, бейтапканага түшкөн. Мушташка катышкан жоокердин бири көз жумган.

Каза болгон жоокер 19 жаштагы Алай районунун тургуну экени жана былтыр күздөн бери милдетин өтөп жүргөнү айтылууда. Окуя боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кызматтык иликтөө баштады.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG