Украина президенти Петро Порошенко: “Эгер Украина болбосо, Орусия Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетпейт болчу”,- деп билдирди.
Согуш ардагерлери менен 8-майда өткөн жолугушууда Порошенко украиналыктар Кызыл армияда, Советтик отряддарда, Гитлерге каршы коалицияга мүчө болгон армияда гана эмес, Украина козголоңчуларынын отряддарында да улутчулукка каршы кан кечишкенин белгиледи.
- Бул согушта украиналыктар болбосо, жеңишке жетүү мүмкүн эмес эле, - деп белгилеген Порошенко 2010-жылы Владимир Путиндин “Орусия Украинасыз эле Германиянын үстүнөн жеңишке жетмек”,- деп айткан сөзүнө жооп кайтаргандай болду.
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Орусия жана Украина СССРдин курамындагы тилектеш республикалар болушкан.