Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

Эмгек партиясынын курултайында Ким Чен Ын төрага болуп шайланды


Ким Чен Ын
Ким Чен Ын

Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын 9-май күнкү курултайында Ким Чен Ын төрага болуп шайланды. Мурда анын кызматы партиянын биринчи катчысы деп аталган. Мындан ары партия башчысы төрага деп аталары чет элдик журналисттердин катышуусунда жарыяланды. Анын артынан делегаттардын баары Ким Чен Ынга узун өмүр каалап, кыйкырык салышты.

Дүйнөдөгү эң жабык жана диктатордук мамлекет саналган Түндүк Кореяда аталган партиянын курултайы 36 жылдан бери алгач ирет уюштурулду. Партияны Ким Чен Ындын ата-бабалары да башкарган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG