Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Тажикстанда ИМ тобунун төрт жоочусу кармалды


Cүрөттө мурдагы тажик командири, Сирия жана Ирактагы ДАИШке кошулуп кеткен Гулмуров Халимов.

Cүрөттө мурдагы тажик командири, Сирия жана Ирактагы ДАИШке кошулуп кеткен Гулмуров Халимов.

Тажикстандын расмий адамдары Душанбеде 9-май – Жеңиш майрамы учурунда террордук акт жасоону пландаган төрт киши кармалганын билдирди. Алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү экени кабарланды. Ички иштер министрлиги тараткан кабарга ылайык, алар Орусия полициясы берген маалыматтын негизинде колго түшкөн.

Шектүүлөрдүн бири Дастан Меикулов 6-майда Орусиядан Душанбеге учуп келген кезде кармалса, шериктери өлкөнүн түштүк тарабында колго түшкөн.

Орусия полициясы 2-майда Москвада террордук актыларды пландаган борборазиялык бир канча жаран колго түшкөндөн соң, Тажикстанга маалымат жиберген.

Тажик өкмөтү жүздөгөн жарандары Сириядагы жана Ирактагы ДАИШке кошулуп кеткенин билдирип келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG