Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында эл аралык милдеттемелерди аткаруу боюнча кыргыз-кытай, кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасындагы жүк ташуунун тартиби аныкталган. Ага ылайык кыргыз өкмөтүнүн атайын чечимине чейин кыргыз өзбек чек арасындагы “Бек-Абад”, “Кенсай”,“Баймак”, “Кара-Багыш” “Ынтымак”, “Сейдикум”, “Сумсар” өткөрмө пунктары аркылуу жүк ташууну токтотуу каралган.
Өкмөт аймактардагы бийлик органдарына жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык каналдар аркылуу коңшу өлкөлөргө кабар берүүнү тапшырды. (BkA)