Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Чек араны бузган тажик жараны кармалды


Тажикстандын жараны 9-майда кыргыз-тажик чек арасында кой кайтарып жүрүп, Кыргызстандын аймагына кирип кеткен. Аны “Кайрагач” чек ара бекетинин аскерлери кармап, административдик жаза айып салынган. Андан кийин тажикстандык чек арачыларга өткөрүлүп берилди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан жайыттарга мал жаюу маселеси боюнча пикир келишпестиктер болуп келет. Бул маселе Тажикстанды айланып өтүүчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушунда да бир нече жолу көтөрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG