Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Санкт-Петербургда чарчап калган кыздын өлүмү иликтенүүдө


Бул тууралуу Орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ага ылайык, шаардын Лиговская проспектинде жайгашкан батирден эки жашар кыргызстандык кыз чарчап калган. Маалыматтарга караганда, кичинекей кыздын ата-энеси бул үйгө коноктоп келишкен. Бир күн мурда кыз эки жашка толгону да айтылууда. Жергиликтүү медиктерге таянып маалымдашкандай, кыздын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Учурда наристенин өлүмү иликтенүүдө.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги бул маалымат боюнча Санкт-Петербург шаарындагы консулдук иштеп, иликтеп жатканын “Азаттыкка” билдиришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG