Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Элди “ботаниктер” багат


Абитуриенттер
Абитуриенттер

Кыргызстанда быйыл орто мектепти 62 миң окуучу бүтүрүп жатат, алардын 80-90 пайызы жогорку окуу жайына тапшырат.

Бирок 200 миң студенти бар Кыргызстанда көзгө басар 20 окумуштуунун карааны байкалбайт. Маселен, короосу менен юрист чыгарган өлкөдө сот реформасы арабөк жатат.

Эл аралык соттордо сүйлөй алган бир дагы кыргыз юристтин жоктугун Кумтөр чыры көрсөтүп салды. Медицина тармагында да Иса Ахунбаевдердин изинен келаткан жаңы Кыргызстандын кадрлары байкалбайт. Ченей келгенде жылына вагон-вагон экономист чыгарган өлкөнүн экономикасы элдир-селдир кыбырайт. Жол куруучу, энергетик, кенчи деген дипломдорду пачкелеп тараткан өлкөнүн кенин казып, жолун салып, ГЭСин куруп бергендер да чет элдиктер. Мунун баары 25 жылдан бери токтобой келаткан ЖОЖдордогу кайдыгерликтин жыйынтыгы го.

Маселен, Кыргызстандагы ЖОЖдор “Мисс”, “Мистер”, “Студенттер күнү”, “Сүйүү күнү”, "Бишкек жазы" сыяктуу иш-чараларды милдетиндей уюштуруп келишет. Ошол эле учурда окуу жайларда кызыл чеке талаштар орун ала турган химиктер клубу, математиктер, биолог, энергетик, программист ойлоп табуучулардын, робот жасоочулардын ийримдери уюштурулган эмес. Жогорку окуу жайлары чыныгы максатын унутуп, негизги миссиясынан четтеп бараткандай.

Эмнегедир жогорку окуу жайлар студенттер арасында илимий жармаңкелерди өткөрбөйт. Новатор студенттерди колдоо программасы жок. Өнүгүүнү чындап каалаган өлкө ойлоп табуучусун, илим изилдөөчүсүн, мыкты студентин төлөмдөн толук же жарым-жартылай бошотот. Ал эле эмес, ири стипендияларды ыйгарат. Биздеги окуу жайлардан мындай көрүнүштү кезиктирүү кыйын.

Мындан улам окуу жайлар ата-эненин акчасын, жаштардын убактысын алып, ордуна дипломдон башка эч нерсени бералбай жатат десек болот.

Мындай пикир билим берүү тармагынын жетекчилерине жакпашы мүмкүн, бирок 25 жылдык тарыхтан көзгө басар он ойлоп табуучуну же илимпозду чыгара албагандык - билим берүүнүн сапатсыздыгын далилдеп турат. Менин оюмча, 200 миң студенттин жок дегенде 1% алдамай эмес, чыныгы илим менен алектенип кетиши керек эле.

Биздеги окуу жайлар ыр-күү менен убакыт өткөрүп аткан чакта кытайлык уйгурлар өзү жыйылып, кайра жазылып, музыка ойноп, өзүн өзү термете турган бешиктин түрүн чыгара баштаптыр. Бул массалык сатыкка чыкса мода деп, биздин эл да ошол заманбап бешикти ала баштайт. Адаттагыдай акча Кытайга кетет. Жумушсуз Кыргызстан аткара турган иши жок, кедей, сатып алуучу өлкө бойдон кала берет. Бул колдо барды алдырган, биз утулуп жаткан бир гана мисал.

Илим ачууга, жаңы буюмдарды жаңы ыңгайлуулуктарды ойлоп табууга, аны өзү өндүрүп чыгарып сатууга аракеттенбеген өлкө дайыма кошуналарынан көз каранды болуп жашайт. Анткени эл жаңы буюмду алгысы келет, ал үчүн акча төлөйт. Демек акча азыркыдай эле сыртка агып чыгып кете берет.

Азыркы ЖОЖдордун мыкты деген бүтүрүүчүлөрү чайкоочулуктун гана маңызын чакпаса, өндүрүшкө тиштери өтпөй жатат.

Менин пикиримде, ар бир окуу жай акчасы жоктуктан куруп баратса да студенттерин новаторлук ой жүгүртүүгө, жаратмандыкка тарбиялаш керек. Бул үчүн жылына 1-2 жолу илимий, новатордук сынактарды уюштуруп турушу шарт. Окуу жай жетекчилиги новаторлук менен алектенген ар бир студентке өзгөчө көңүл буруп, майда-барат ийгиликтерин да ири материалдык байге менен сыйлап турушу керек. Бирок бул иш-чараларды адатыбызча формалдуулукка айлантып жиберүүдөн сактануу зарыл. Илимди формалдуулукка айландыруу пастык болот.

Жергиликтүү бийликтер деле өйдө жактан буйрук күткөндү токтотуп, жаштарды илимге тартып, илимди модага айлантууну колго алса кана. Ош жана Бишкек шаарларынын жаштар комитеттери галстук такканына эле маашырланбай, шаардын деңгээлинде ар бир окуу жайдын катышуусунда новатордук иштердин жармаңкесин уюштуруп турууну салтка айландырса болот. Ал жармаңкеге акчасын кантип көбөйтүүнүн амалын таппай, жаңы өндүрүш ачууга татыктуу идея издеп жүргөн ишкерлерди сөзсүз чакыруу керек. Ойлоп табуучулар менен ишкерлердин беттеши көп ачылыштарды шарттайт.

Кыргыз эли 25 жылдан бери ЖОЖдорду багып келатат. ЖОЖдордун айыбын айтпай, контрагын контракттай, парасын парадай төлөп жатышат. Окуу жайлардын миссиясы шоу менен күн өткөрүү эмес, жаштарга сапаттуу билим, туура багыт берүү экенин акыры туюшу керек го. Мурунку президент Аскар Акаев өз доорундагы ЖОЖдордун миссиясы жаштарды кылмыштуулуктан алаксыта туруу экенин айткан эле. Ал доор өттү. Эми өзүн мамлекет деп эсептеген өлкөлөр ойлоп табуучуларынын акылына таянып, экономикасын чыңдоого киришкен мезгил келди.

Өндүрүштү “Ботаниктер” алдыга тартат. “Сулуулар”, “крутой жигиттер” же жөн гана ыймандуулар өлкөнү багалбай турганын түшүнүшүбүз керек. Антпесе жаштар кылмыштуу топторго, ар кайсы диний агымдарга бурулуп кете берет. Жаштарга багытты өзүбүз бербесек башкалар берет. Анын кесепети оор болот.

Окуу жайлардын негизги милдети жаратман адистерди даярдоо экенин эстеши зарыл.

XS
SM
MD
LG