Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:30

Орусия бийлиги “Панама документтери уурдалган” деп билдирүү жасады


Өткөн айда Панамада жайгашкан Mossack Fonseca юридикалык уюмуна таандык ири документтер ачыкка чыккан.
Өткөн айда Панамада жайгашкан Mossack Fonseca юридикалык уюмуна таандык ири документтер ачыкка чыккан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Панама документтери” деген ат менен ачыкка чыккан маалыматтар “уурдалган” деп билдирүү жасады. Анын айтымында, компаниялардын оффшордук ыкмаларды колдонуусу “мыйзамсыз аракет эмес”.

Өткөн айда Панамада жайгашкан Mossack Fonseca юридикалык уюмуна таандык ири документ Германиядан чыкчу Suddeutsche Zeitung гезитине басылып, дүйнөлүк талкууга түшкөн.

Документтерде орусиялык аткаминелер Mossack Fonseca адвокаттык уюмунун жардамы менен жакындарынын атына жазылган оффшор компаниялар аркылуу кирешесин жашырып, салык төлөөдөн качканы айтылган. Алардын катарында азыркы чиновниктерден тарта президент Путиндин жакындары да бар.

Андан тышкары документте башка бир топ мамлекеттердин, арасында Кыргызстандын да аткаминерлеринин аты-жөндөрү бар.

XS
SM
MD
LG