Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Бразилия: Жогорку сот президентке импичмент жарыялоону токтотуу сунушун четке какты


Дилма Руссефф
Дилма Руссефф

Бразилиянын Жогорку Соту өлкө президенти Дилма Руссеффке карата импичмент жараянын токтотуу боюнча өкмөттүн апелляциясын четке какты. 11-майда өлкө парламентинин Жогорку Палатасы Руссеффдин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча талкууларды баштаган.

Руссеффди 2014-жылдагы президенттик шайлоо алдында бюджеттеги тартыштык өскөнүн жашырууга аракет кылган деп айыпталууда. Бразилия президенти болсо бул айыптарды четке кагып, саясий атаандаштарынын жалаасы катары сыпаттап келет.

Дилма Руссеффке импичмент жарыялоо жараяны 2015-жылдын декабрында башталган. 18-апрелде парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары импичментти колдоп добуш берген.

Эмгекчилер партиясынан көрсөтүлгөн Дилма Руссефф 2014-жылы президенттикке экинчи жолу шайланган.

XS
SM
MD
LG