Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Пакистандын мурунку премьеринин уулу мекенине кайтып келди


Пакистандын мурунку премьер-министринин уулу Али Хайдер Гилани бошогондон кийин
Пакистандын мурунку премьер-министринин уулу Али Хайдер Гилани бошогондон кийин

Ооганстанда согушкерлердин туткунунан бошотулган Пакистандын мурунку премьер-министринин уулу Али Хайдер Гилани мекенине 11-майда кайтып келди. Ал АКШ жана ооган күчтөрү Газни провинциясында жүргүзгөн биргелешкен операциянын жыйынтыгында бошотулган эле.

Мекенине кайтаар алдында Гилани журналисттердин суроолоруна жооп берип, аны бошотуу боюнча ооган бийлигинин жана аскерлеринин аракетин жогору бааларын билдирди.

"Бул ооган бийликтеринин аймакта тынчтык орнотуу боюнча аракет кылып жатканын көрсөтөт”-деди экс-премьердин уулу.

Маалыматтарга караганда, Али Хайдер Гилани атайын учак менен Пакистанга учуп келди.

Ал мурдагы премьер Юсуф Реза Гиланинин уулу. Аны "Талибандын" согушкери деп шектелгендер 2013-жылы 9-майда Пакистандагы парламенттик шайлоодон эки күн мурда уурдап кетишкен болчу.

Анын атасы Юсуф Реза Гилани Пакистандын өкмөтүн 2008-жылдын март айынан 2012-жылдын апрель айына, кызматтан Жогорку Сот четтеткенге чейин башкарган.

XS
SM
MD
LG