Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн МТСтерди ачуу керек


Эгин чабуу.
Эгин чабуу.

Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүнкү парламенттик жыйында билдирди. Анын айтуусунда, МТСтерди куруу боюнча өкмөт уруксат бергени менен, “Айыл банк” аны ишке ашырбай жатат:

-Учурда 86 айыл өкмөт МТС ачууга даяр. Акчаларын даярдап, лизинг менен техника сатып алалы деп “Айыл банкка” барышса, алар “бизге жогору жактан көрсөтмө түшө элек” деп, акча бербей жатышат. Өкмөт же “Айыл банктын” жетекчисин алмаштырсын же элдин картошкасын сатууга жардамдашсын.

Быйыл министрлер кабинети айыл өкмөттөрдө жана акимчиликтерде айыл чарба техникаларын тейлөөчү станцияларды ачууга уруксат берген. Ага ылайык, жергиликтүү бийлик айыл чарба техникасын лизинг жолу аркылуу сатып алууга укуктуу.

Буга чейин “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 19 МТС ачылган. Алар жазгы, күзгү айыл чарба иштеринде дыйкандарга көмөктөшүп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG