Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Түлеев түрмөгө футбол аянтчасын жана спорт залын куруп берген


Нариман Түлеев.
Нариман Түлеев.

Түлеев бүгүнкү маалымат жыйында Бишкектеги №47 абакта чогуу жаткандарга укуктук, акчалай жардам бергенин билдирди. Анын сөзү боюнча абактагылардын баары эле жаман адамдар эмес, алардын ичинде күнөөсү жок кармалгандар да бар. Ал жердеги жолугушуу бөлмөсүн оңдотуп, керектүү эмерек, төшөнчү, телевизор менен жабдып берген.

Бишкектин мурунку мэри кезинде Түштүк магистралын салдырып, Бөкөнбаев көчөсүн мамлекеттен бир тыйын албай, достору менен өзүнүн акчасына жаңыртканын дагы кошумчалады.

Нариман Түлеев 2013-жылы июлда 11 жылга эркинен ажыратылган. Ага Бишкектин мэри кезинде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке 33 миллион сомго жакын зыян келтирген деп айып тагылган. Мындан тышкары таштанды ташуучу унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп айыпталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG